www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) комитеттин ардагери, запастагы подполковник Валерий Георгиевич Фадиндин 2026-жылдын 23-июлунда дүйнөдөн кайтканын билдирди.
Валерий Фадин 1956-жылы Россия Федерациясынын Алтай крайындагы Бийск шаарында төрөлгөн.
1986-жылы СССР Ички иштер министрлигинин Караганда жогорку мектебин аяктаган.
Эмгек жолун 1979-жылы ички иштер органдарында баштап, 1997-жылга чейин ар кандай ыкчам жана жетекчилик кызматтарды аркалаган. 1997–1999-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук министрлигинде кызмат өтөгөн.
УКМКнын маалыматына ылайык, Валерий Фадин кызмат өтөгөн жылдары жогорку кесипкөйлүгү, жоопкерчилиги жана кызматка берилгендиги менен айырмаланып, кесиптештеринин урмат-сыйына ээ болгон.
Комитеттин жетекчилиги, Ардагерлер кеңеши жана өздүк курамы маркумдун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.