www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы айларда Орусияда жарандарга аскердик каттоодогу маалыматтарды тактоо үчүн чакыруу кагаздары көбөйүп, бул жаңы мобилизацияга даярдыкпы деген кооптонуулар жаралды.

«Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр» аркылуу келген мындай чакырууларды эркектерден тышкары медициналык билими бар аялдар да алып жатканы айтылууда. Бирок юристтердин айтымында, азырынча бул чакырууларды жаңы мобилизациянын түз белгиси деп айтууга негиз жок.

Адистердин түшүндүрүүсүндө, чакыруулардын көбөйүшү негизинен электрондук аскердик каттоо системасындагы маалыматтарды жаңыртуу менен байланыштуу. Чакыруу кагазын алып, бирок барбай койгондорго административдик айып пул салынышы мүмкүн, бирок кылмыш жоопкерчилиги каралган эмес.

Укук коргоочулар Орусия бийлиги 2022-жылдагы жарым-жартылай мобилизациядан кийин армияны негизинен келишимдик аскерлер аркылуу толуктап жатканын белгилешет. Азыркы чакыруулар болсо жаңы мобилизация башталганын далилдебейт.

Ошол эле учурда эксперттер эгер бийлик жаңы чечим кабыл алса, электрондук чакыруу системасы мобилизацияны мурдагыдан тезирээк жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берерин эскертишүүдө.

Последние новости