www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шаар тургуну, Маевка айылынын жашоочусу Жанышбек Тагаевдин үйүнүн жанындагы куураган дарак унаасына кулап түшкөн. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине кайрылды.

Анын айтымында, дарактын куураганы боюнча муниципалдык кызматтарга жана тиешелүү мекемелерге буга чейин бир нече жолу кайрылуу жасалган. Бирок көйгөй чечилбей, даракты кыюу боюнча чара көрүлгөн эмес.

"Бул дарак куурап калганын бир нече жолу билдиргенбиз. Өзүбүз кестирели десек, айып пул жазыларын айтышты. Бирок тиешелүү кызматтар дагы чара көргөн жок. Натыйжада дарак бүгүн унаамдын үстүнө кулап түштү. Бул төрт баламды багууга жардам берген негизги унаам эле", - деди тургун.

Окуядан кийин шаар тургуну муниципалдык кызматтарга кайрылганда, ага маселени сот тартибинде чечүү сунушталган. Ал эми жооптуу мекемелердин бири болгон «Зеленстройго» кайрылганда дагы сотко кайрылуу сунушталганын билдирди.

Тургун шаардык кызматтардын ишине нааразы болуп, мыйзам бузгандарга айып пул салуу менен катар авариялык абалдагы дарактарды өз убагында көзөмөлдөп, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштер да жүргүзүлүшү керек экенин белгиледи.

Последние новости