www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту шаардык мэриянын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин мурдагы директору Улан Уезбаевдин баш коргоо чарасын өзгөрттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык соту билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-апрелде райондук сот Уезбаевди камактан бошотуу чечимин чыгарып, баш коргоо чарасы катары үй камагын тандаган.

2025-жылдын 6-мартында УКМК Уезбаевди жана «Жол-транспорттук инфратүзүм» муниципалдык ишканасынын мурдагы директору Ренат Султамамытовду кармаган. Алар тийиштүү негиздемеси жок эле «Sitronics Group» компаниясы менен 128 млн сомдук пайдасыз келишим түзүүгө шектелген.

Тергөөдөгү маалымат боюнча, мэриянын комиссиясы мыйзам бузууларды жана баанын 18 млн сомдон ашык жогорулатылганын аныктаган, ал эми долбоор өзү натыйжасыз деп табылган.

2025-жылдын 30-мартында Султамамытов үй камагына чыгарылып, Уезбаев 21-тергөө абагында калган болчу.

Последние новости