www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 2025-жылдын 1-ноябрынан 2026-жылдын 6-апрелине чейинки аралыкта 243 642 адам мобилдик тиркеме аркылуу кредит алууга өзүнө тыюу салуу кызматын кошкон. Бул тууралуу республиканын Улуттук банкы билдирет.

Өзүнө тыюу салуу – жарандын наамына кредит жол-жоболоштурууга чектөө коюуну карайт. Эгерде тыюу коюлган болсо, банктар жана микрокаржы уюмдары кредит берүүгө укуксуз.

Өзүнө тыюу салуу күчүндө болуп турган маалда кредит жол-жоболоштурулган болсо, ал келишим жараксыз деп табылат. Бул үчүн каржы уюму жоопкерчилик тартат.

Эскерте кетсек, бул механизм 2025-жылдын 30-июлунда кол коюлган мыйзамдын алкагында киргизилген.

Последние новости