www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте коммуналдык кызматтарды төлөө үчүн санариптик дүмүрчөктөр киргизилүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, президенттин администрациясынын протоколдук тапшырмасын аткаруунун алкагында коммуналдык кызматтарды төлөө үчүн санариптик дүмүрчөктөргө өтүү маселелери боюнча жумушчу топтун жыйыны өттү.
Ага шаардык коммуналдык кызматтардын жетекчилери, Энергетика министрлиги, “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсы, “Түндүк” мамлекеттик мекемеси, “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ишканасынын жана “Санариптик технологиялар борбору” муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү катышты.
Анда кызматтардын маалымат базаларын интеграциялоо жана бириктирүү, бирдиктүү төлөм документин түзүү, биллинг системасын өнүктүрүү жана толугу менен санариптик форматка өтүү маселелери талкууланды.
Мэриядан белгилешкендей, жыйында кагаз дүмүрчөктөрдөн баш тартуу жана коммуналдык кызматтарды төлөө үчүн санариптик дүмүрчөктөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды.