www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

31-июлда Бишкек шаарынын мэрлигине талапкерлер мамлекеттик тилден сынак тапшырат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы кабарлады. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 26-июлда Бишкек шаарынын мэрин шайлоо үчүн талапкерлердин мамлекеттик тилди билүүсүн аныктоо максатында комиссиянын курамын бекиткен. Талапкерлер шаршемби күнү 14:00дө БШКнын имаратында сынак тапшырат.

Азырынча мэрлик кызматка бир гана Азиз Суракматов талапкер катары арызын тапшырды. Анын талапкерлигин Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция сунуш кылган. Ага альтернатива боло турган талапкерлер көрсөтүлөрү же көрсөтүлбөсү азырынча белгисиз. Документтерди тапшыруу мөөнөтү бүгүн кечки саат 22:00дө аяктайт. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости