www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек ШИИББдин мурдагы жетекчиси Бакыт Матмусаев жол кырсыкка кабылды.
Бүгүн, 1-ноябрда Милициянын кайгуул кызматы билдиргендей, жол кырсык 14-августта түнкү саат 23:00дө Жукеев-Пудовкин менен Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Матмусаев башкарып бара жаткан «Тойота Камри» унаасы «ДЭУ Матиз» жана «Мазда» унаалары менен сүзүшкөн.
«Унаалар айып короого киргизилген. Учурда керектүү соттук-укуктук экспертизалар дайындалды, анын жыйынтыгында юридикалык баа берилет», - деп айтылат Кайгуул кызматынын маалыматында.
Ошондой эле Кайгуул кызматы Матмусаев учурда ички иштер органдарында иштебей турганын жана ички иштер министринин кеңешчиси эмес экенин кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg