www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарында жүрүгнчүлөрдү ташыган кичи автобус менен жеңил унаа кагылышып, бир нече адам жабыркады. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматы NazarNews маалыматтык агенттигине  билдирди.

Маалыматка ылайык, Нарын РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 30-июль күнү Бишкек-Нарын-Торугарт унаажолунун 343-чакырымында жол кырсыгы болгондугу тууралу билдирүү келип түшкөн.
         
"Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылынын тургуну 1981-жылы туулган Т. у. М.  Ак-Талаа районунан Бишкек шаарына жүргүнчү каттамында ташыган “Мерседес-Бенц Спринтер “ үлгүсүндөгү автоунаасын ичиндеги 17 жүргүнчү менен бара жатып, Бишкек-Нарын-Торугарт унаажолунун 343-чакырымынан карама-каршы жол тилкесинде Бишкек шаарынан Нарын шаарына көздөй келе жаткан “Тойота-РАВ-4” үлгүсүндөгү автоунаа менен кагылышкан. Жеңил унааны Бишкек шаарынын тургуну 1967-жылы туулган К. С. К. башкарып бар жаткан", - деп айтылат маалыматта.

Натыйыжада “Тойота-РАВ-4” үлгүсүндөгү автоунаасынын айдоочусу К.С.К. жана жүргүнчү катары келе жаткан 2 жаран Нарын облустук ооруканасынын сынык-жаракат бөлүмүнө жана 1 жүргүнчү кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Ал эми  “Мерседес-Бенц Спринтердин" айдоочусу Т. у. М. жана жүргүнчү катары келе жаткан 2 жаран Нарын облустук ооруканасынын сынык-жаракат бөлүмүнө жана 2 жаран жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Аталган факт боюнча бөлүмдүн тергөө кызматы тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып текшерүү иштери жүргүзүүлүдө.

Булак: NazarNews.kg 
 

Последние новости