www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилигинин маалыматы боюнча, кыргызстандык таксистке кол салуу окуясы 2023-жылдын 18-июлунда болгон. Бирок жабыркаган мекендеш элчиликке кайрылган эмес.

Видео социалдык тармактарга жарыялангандан тарта элчилик жабыркаган КР жаранын аныктоо жана издөө иштерин баштаган.

Элчилик тарабынан жабыркаган Кыргызстандын жараны Ш.М. менен байланыш түзүлүп, ага зарыл консулдук-укуктук жардам көрсөтүлүп, жабыркаган мекендештин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүүдө. Ошондой эле, Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигине Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин расмий нотасы жөнөтүлдү.

Маалым болгондой, бул маселе КР Тышкы иштер министрлигинин, ошондой эле КР Россия Федерациясындагы элчилигинин көзөмөлүнө алынды.

Эске салсак, Москвада жүргүнчү кыргызстандык таксистке салондо сыра ичпөөнү өтүнгөнүнөн улам кол салган. 

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости