www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ырчы Асел Кадырбекова жол кырсыкка кабылып, калыбына келгенден кийин калган тактарын коомчулукка көрсөтүп, төмөндөгүдөй билдирүү калтырган.

"Кырсыктан кийин калган тактар. Башында бетимди, денемди көрүп болгончо көз жашымды төктүм. 

Бирок убакыт өттү, чачым өстү, бетим да косметолог эжекемдин чоң аракети менен өз калыбына келди, көзүмдүн көрүүсү опреациядан кийин жакшырды, денемдеги көк ала тактар да 1 жыл дегенде тарады, эс тутумум толук калыбына келбесе да маанилүү учурларды эстедим!

Бирок кээ бир нерселерди Жараткан унутуп калбасын деп эстетип туруучу белги катары түбөлүккө “шрам” кылып калтырат сыяктуу!

Аялзаты үчүн албетте келбети эң маанилүү нерселердин бири. Бирок негизги нерсе эмес экенин унутпаңыз! Жер жүзүндө миллиарддаган адамдардын ар биринде ар кандай келбет, кемчиликтер, түрдүү жагдайлар, ар кандай жашоо шарт бар. Айланабыздагы жашоо шарт, биздин физикалык көрүнүшүбүз алдыга умтулуубузга, бийиктиктерди багынтуубузга, өзүбүздү кандай болсок ошондой сүйүүбүзгө таасирин тийгизбеши керек!

Шүгүр! Тирүүлүк өзү ырахаат.

Мисалы мен үчүн бул тактар күн сайын, ошол убакты унутпа дегендей эле көзүмө көрүнөт. Жана ушул тактарды көрүп азыркы күндөрүмө, азыркы абалыма, азыркы жашоомо ыраазы болуп "Шүгүр" деп күндө айтам", - дейт ал.

Эске салсак, Асел Кадырбекова 2020-жылы 26-июнда Медеров менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде автокырсыкка кабылган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости