www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 439-479-чакырымындагы сапатынын начарлашы тууралуу бир катар массалык маалымат каражаттарындагы жарыялоолорго байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү төмөндөгүлөрдү билдирет.

Премьер-министр Сапар Исаков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун абалынын начарлашынын себептерин тыкыр иликтөө үчүн көз-карандысыз эксперттерди, ошондой эле тийиштүү мамлекеттик органдардын адистерин тартуу менен комиссия түзүүнү тапшырды. Өкмөт башчы эки жумалык мөөнөттө текшерүүнүн жыйынтыгын сунуштоо милдетин койду.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, унаа жолдун аталган тилкесин реабилитациялоо 2010-2013-жылдары Азия өнүктүрүү банкынын инвестициялык каражаттарынын эсебинен ишке ашырылган. Унаа жолун реабилитациялоо иштери 2013-жылы жыйынтыкталган. 2014-жылы кепилдик мөөнөтү аяктаган соң, жол тилкеси Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун башкармалыгынын пайдалануусуна берилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости