www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек-Ош каттамы убактылуу токтотулат

"Эйр Манас" компаниясы 1-марттан тартып Бишкек-Ош каттамын токтотот. Бул тууралуу Кыргызстандын Жарандык авиация агенттиги билдирди.

Мындай чечим өндүрүштүк муктаждык менен түшүндүрүлгөн. Буга чейин билет сатып алган жүргүнчүлөрдүн акчасы кайра кайтарылып берилет.

Каттамды убактылуу токтотуунун конкреттүү себептери жана качан ал кайра жанданаары жөнүндө "Эйр Манас" авиакомпаниясы так маалымат бере элек.

Белгилей кетсек, "Эйр Манас" Түркиялык "Пегасус" компаниясы менен бирге иштеп келген. Бир жыл мурун "Пегасус" ишин токтотуп, анын каттамдарын аткарып жүргөн «Эйр Манас» компаниясы мындан ары "Avia Trade" ишканасы менен кызматташары кабарлаган.

Буга чейин учактардагы техникалык маселелерден улам бир нече Бишкек-Ош багытындагы каттам үзгүлтүккө учураган. "Манас" аэропортунун маалыматына караганда Бишкек-Ош каттамы боюнча жүргүнчүлөрдү күн сайын "Эйр Манастан" тышкары "Tez Jet", "Avia Traffic" компаниялары ташыйт. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости