www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек–Ош унаа жолунун 400-чакырымында жаңы туннелдин курулуш иштери планга ылайык жүрүп жатат. 

Маалыматка ылайык, кар жана таш көчкү түшүү коркунучу жогору болгон бул тилкеде жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында узундугу 742 метр болгон эки тилкелүү туннель курулууда.

Долбоордун алкагында 409-чакырымда таш кулоодон коргоочу курулуштар, ал эми 451-чакырымда жер көчкүнүн алдын алуу үчүн тирөөч дубалдарды орнотуу каралган.

Учурда тоо боорлоруна коргоочу торлорду орнотуу иштеринин 90%ы аяктаган.

Ошондой эле туннель курулушу үчүн бетон чыгаруучу заводдун монтажы толугу менен аяктоодо, ал эми инженер-консультанттар үчүн кеңсе жана лабораториянын курулушу соңуна чыгып жатат.

Курулушка керектүү материалдар Жапониядан этап-этабы менен жеткирилүүдө.

Долбоор 2028-жылы бүткөрүлүшү мерчемделген. Бул иш-чара Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жана Жапония эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA)нын биргелешкен долбоору болуп саналат.

Последние новости