www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу кол алдындагы кызматкери, Азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Уран Чекирбаевди кемсинтип, оозго алгыс сөздөр менен сөккөн. 

Бул туурасында Чекирбаев өзү өзүнүн Фейсбук баракчаына жазган кайрылуусунда белгиледи. Анын айтымында, ал иш процессине байланыштуу айрым жагдайлар боюнча Президентке кайрылуу ниетин билдиргенде Илич Марсбек уулу «.и.ейин» деп жооп берген.

Чекирбаев бул сөздү мамлекеттик кызматкердин этикасына туура келбеген мамиле катары баалап, министрдин биринчи орун басарынан расмий кечирим суроону талап кылды.

Ошондой эле ал Илич Марсбек уулу мурда коррупция боюнча кармалганын айтып, мындай адам жогорку кызматты ээлебеши керек деген пикирин билдирди. Бул билдирүүлөр боюнча Илич Марсбек уулунун комментарий бере элек.

Последние новости