www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бишкек» эркин экономикалык аймагын 1996-жылдан 2008-жылга чейин Эмил Ибраимов, 2008-жылдан 2010-жылга чейин Азим Исабеков жетектеген. 2010-жылдан 2011-жылга чейин кийин Бишкекке мэр болгон, азыр камакта отурган Албек Ибраимов башкарган. Андан кийин азыраак убакыт жетекчилик орунга Мирбек Асанакунов, анан бир жылча Бактыбек Кунаев отурган. 2012-жылдан 2015-жылга чейин Орозбек Нусубалиев  мүдүрлүк кылса, азыркы директор Дүйшөн Ирсалиев 2016-жылдан бери башкарып келатат.

Эсеп палатасы «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын башкы дирекциясынын 2016-2017-жылдардагы киреше-чыгашасына аудит жүргүзүп, он чакты мыйзам бузуу фактысын тактаганын жарыялаган. Анда сырткы канализацияны оңдоодо 980 миң сом ашыкча иштетилип, коомдук жумуштарда 7,4 миллион сомдук эреже бузуу катталган. Резерв менен бюджетинде 6,7 миллион сомдук жоготуу болгон.

Мындан сырткары «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын Ак-Чийдеги жана Кара-Балтадагы имараттары жана жер тилкелери туура эмес пайдаланылганы белгилүү болду. Чөлкөмдүн курамындагы 16 субъект мыйзам бузуу аркылуу ижарага берилгени такталды. 

«Бишкек» эркин экономикалык аймагы алгач «Манас» эл аралык аэропортунун жакасындагы Ак-Чий аянтындагы жерди камтыган. Мында анын 203,09 гектар аянты бар. Кийин баш калаанын жогорку тарабынан («ВДНХ») 43 гектар, Кара-Балта шаарынан 100 гектарга ээ болгон. Ошентип жалпы аянты 346,09 гектарды түзүп калган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости