www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Меркель Германиянын юстиция министринин дайындалышы боюнча салтанатка катышты. Президент сүйлөп жаткан учурда журналисттер Меркелдин колу калтырап турганына көңүл бурушту.
Украин президенти Владимир Зеленский менен жолугушуу учурунда дагы канцлердин колу титиреп турганы байкалган.
Меркелдин колунун калтыроосу психологиялык абалдан улам деп айткан. Германиялык басылмалар, бийликте турган 14 жыл ичинде Меркель өзүнүн физикалык жана психологиялык күчтүүлүгүн, чыдамкайлыгын көрсөтүп келгенин" белгилеп, ага эмне болду деп тынчсызданган пикирлерди жазууда.
"Канцлер калтырабашы керек. Ал калтыраса, анда мамлекет калтырайт. Анын ден соолугу темирдей болушу абзел. Канцлер таң атпай туруп, түн бир оокумга чейин сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Уйкусу өтө аз болот",-деп жазат Вагнер Bild басылмасына.
Автор Меркелге "эс алыңыз" деп кеңеш берет. Басылма канцлердин абалын балким суунун жетишсиздиги же гипогликемия жана гипогликемиялык шок болушу мүмкүн деп болжойт.
Focus басылмасы Меркелдин симптомдорун адис менен талкуулаган. Адистер бул олуттуу илдет болушу мүмкүндүгүн дагы четке какпайт. Меркелде паркинсон илдети дагы болушу мүмкүн, дейт дарыгер.
"Ар дайым жумуш артынан чуркап, иш чарадан колу бошобогон Ангела Меркель сыяктуу кишилер мындай симптомдорду жашырып жүрүшү дагы мүмкүн. Бирок анын дарыгерлери андан толук маалымат алышы керек",-деди Бергер.
«NazarNews.kg»