www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Азаттык» сайты Бишкек шаарындагы Эркин Экономикалык Аймак (ЭЭА-СЭЗ Бишкек) боюнча журналисттик иликтɵɵсүн жарыялады. Анда ЭЭАга келген инвесторлордун саны 4 эсеге азайып кеткендиги боюнча кеңири сɵз болгон.
Туура биз сɵз кылып жаткан «СЭЗ Бишкектин» башына директор болуп Дүйшɵн Ирсалиев келгени ишкерлердин качып кетип атканы бул – факт. Болбосо «Азаттык» жасаган иликтɵɵдɵ Ирсалиев качпастан ɵз пикирин, инвесторлордун качып атканына эмне себеп болуп атканын түшүндүрɵт эле да.
Кезинде Дүйшɵн Ирсалиев Икрам Илмияновдун камчысын чаап, чачпагын кɵтɵрүп жүрүп кызматтан-кызматка секирик жасады эле. Эми да кызматка илээшип жүргɵнүнүн себеби ɵкмɵт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев менен жердеш, шеринелеш ага-инилик мамилеси бар. Биз качан татыктуу жетекчи тандаганды үйрɵнɵбүз?
Урматтуу Ɵкмɵт башчы Мукан Дүйшɵкеевич, жердеш, анан калса шеринелеш агаңыз Дүйшɵн Ирсалиев «СЭЗ Бишкектин» түбүнɵ жете электе чара кɵрүңүз…
Булак: NazarNews.kg