www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 18-мартында Бишкек шаардык сотунда кыргыз сот адилеттигинин түптөлүшүнө баа жеткис салым кошкон залкар инсан  Абдыкасым  Супатаевдин жаркын элесине арналган мемориалдык бюсттун ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана Конституциялык сотунун судьялары, сот тутумунун ардагерлери, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлер, ошондой эле Абдыкасым Супатаевдин туугандары, жакындары жана санаалаштары катышышты.

Салтанаттуу иш-чарада Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыевдин атынан кайрылууну Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев окуп берди.

Кайрылууда элибиз кылымдар бою сот адилеттигине өзгөчө маани берип келгендиги белгиленип, адилеттүүлүк кыргыз коомунда ынтымактын, элдин биримдигинин жана коомдук туруктуулуктун негизги факторлорунун бири болуп келгендиги айтылды.

Ошондой эле бүгүнкү иш-чара тарыхый чоң мааниге ээ экени, анткени кыргыз сот адилеттигинин калыптанышына олуттуу салым кошкон инсан  Абдыкасым Супатаевдин жаркын элесин түбөлүккө калтыруу максатында мемориалдык бюсттун ачылышы өтүп жатканы белгиленди.

Абдыкасым Супатаев  СССРдин Жогорку сотунда узак жылдар бою ийгиликтүү эмгектенип, жогорку квалификациялуу юрист, чынчыл жана принципиалдуу судья катары кесиптештеринин арасында чоң кадыр-баркка ээ болгон. Өзүнүн кесипкөйлүгүнүн жана ишмердүүлүгүнүн аркасында 1967-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку сотунун төрагасы болуп дайындалып, бул жооптуу кызматты 1974-жылга чейин ийгиликтүү аркалаган.

Жогорку соттун төрагасы болуп турган мезгилде Абдыкасым Супатаев сот адилеттигин өнүктүрүү, мыйзамдарды бирдей жана туура колдонуу, сот практикасындагы бирдиктүүлүктү камсыз кылуу боюнча олуттуу иштерди жүргүзгөн. Мындан тышкары ал сот органдарынын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жана судьялар үчүн татыктуу иштөө шарттарын түзүүгө өзгөчө көңүл бурган.

Анын демилгеси жана жеке кадыр-баркынын аркасында борбор калаада сот органдары үчүн жаңы имарат куруу маселеси чечилип, 1972-жылы Жогорку сот жаңы имаратка көчүп кирген. Бул ошол мезгилдеги Фрунзе шаарынын өнүгүшүнө жана анын борбордук келбетинин калыптанышына да олуттуу салым кошкон.

Бүгүнкү күндө дал ушул имаратта Бишкек шаардык соту иш алып барууда. Ошондуктан Абдыкасым Супатаевдин мемориалдык бюстунун ушул имаратта орнотулушу терең символикалык мааниге ээ экендиги белгиленди.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Эмиль Осконбаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары Медер Алиев, Кыргыз Республикасынын сот тутумунун ардагерлеринин атынан Конституциялык соттун мурдагы төрайымы Чолпон Баекова, Жогорку соттун мурдагы төрагасы, Кыргыз  Республикасына эмгек сиңирген юрист Замирбек Базарбеков, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрайымы Аида Сейдакматова, Жогорку соттун отставкадагы судьясы, Кыргыз  Республикасына эмгек сиңирген юрист Расия Эралиева жана Абдыкасым  Супатаевдин туугандары сөз сүйлөштү.

Алар өз сөздөрүндө Абдыкасым  Супатаевдин сот системасынын калыптанышына жана өнүгүшүнө кошкон зор салымын белгилешип, анын өмүр жолу жана ишмердүүлүгү бүгүнкү муун үчүн үлгү экендигин баса белгилешти.

Иш-чаранын алкагында Абдыкасым Супатаевдин жакындары Жогорку соттун фондуна анын өмүрү жана ишмердүүлүгү тууралуу китептерди белекке тапшырышты.

Белгилей кетүүчү жагдай, Абдыкасым  Супатаев 1946–1967-жылдары Советтер Союзунун Жогорку сотунун мүчөсү, ошондой эле Жогорку соттун кылмыш иштери боюнча коллегиясынын мүчөсү болуп иштеп, жыйырма жылдан ашуун убакыт бою республиканы союздук деңгээлде татыктуу өкүлдүк кылган.

1967–1974-жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку сотунун төрагасы болуп иштеп, сот адилеттигинин сапатын жогорулатууга, мыйзамдардын бирдей колдонулушун камсыз кылууга жана сот практикасындагы бирдиктүүлүктү бекемдөөгө зор салым кошкон.

Абдыкасым  Супатаевдин өмүр жолу — жөнөкөй элдик соттун катчысынан тартып, союздук деңгээлдеги жогорку сот органынын мүчөсүнө жана Кыргыз ССРинин Жогорку сотунун төрагасы кызматына чейин жеткен татыктуу эмгек жолу болуп саналат.

Анын принциптери  бьолгон адилеттүүлүк, калыстык жана мыйзамдуулук бүгүнкү күндө да сот системасында кызмат өтөп жаткан судьялар жана кызматкерлер үчүн маанилүү багыт болуп калууда.

 

Последние новости