www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кубатбек Боронов коронавирус инфекциясы күчөгөндүгүн, бирок карантиндик режим катаалданбай турганын айтты. Бул тууралуу техникалык премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, коронавирусту жуктурган адамдардын көбөйүшү болжолдонуп, Республикалык штабда июндун аягына чейин деп үч айлык божомол түзүлгөн.
"Биз 3-апрелде илимпоздор, медицина кызматкерлери жана Республикалык штабдын мүчөлөрү менен үч сценарий иштеп чыкканбыз. Биринчи сценарийди "Жеңил өтүү" деп атап, 30-июнга чейин 801 адам коронавируска чалдыгышы керек эле. Экинчисин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун методикасы менен эсептеп чыгып, "Орточо өтүү" деген божомол боюнча 30-июнда 4960 учур катталмак. Азыр билесиздер, 2300дөн ашты, ушул божомол ишке ашчудай болуп жатат. Үчүнчүсү өтө оор кесепети менен деп 16 540 адамга жугат деп эсептегенбиз", — деди Боронов.
Ошондой эле ал 11 жана 21-майда экономиканын көп тармагы жанданып, эл көчөгө чыкканын белгилеп, демек, инкубациялык мөөнөт өтүп, азыр көбөйгөн убагына келгенин айтты.
Белгилей кетсек, буга чейин мэриянын администрация башчысы Балбак Түлөбаев эгер шаардагы эпидемиологиялык абал начарлап кетсе, ал кайрадан жабылат деп айткан. Ал эми Боронов азырынча абал көзөмөлдө экенин шаарды жабуу азырынча планда жок экенин маалымдады.
Коронавируска каршы күрөшүү шартында жергиликтүү шайлоолорду өткөрүүгө келсек, республикалык штаб бул маселени кийинки жумада БШК менен биргеликте чечет.
Чиновник эки шайлоо өнөктүгү - жергиликтүү кеңештер менен парламент биригиши мүмкүндүгүн четке каккан жок.
Эске салсак, Мухаммедкалый Абылгазиев отставкага кеткен. Ал эки жыл министрлер кабинетинин башчысы болуп иштеген. Бул убакыт аралыгында өкмөттүн бардык курамы 90 пайызга өзгөргөндүгүн белгилейбиз.
Булак: NazarNews.kg