www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек мэриясы борбор калаанын жаңы башкы планы иштелип чыгып, ага ылайык трамвай системасын куруу планы бардыгын жар салды. Кагаз жүзүндө карасаң, экологиялык жактан алганда ыңгайлуу транспорт. Бирок бул сунуш шаардын реалдуу абалына, каржылык мүмкүнчүлүгүнө жана жол инфраструктурасына канчалык дал келет?

Долбоор боюнча 28 чакырым трамвай линиясы курулуп, Жибек Жолу - Шабдан баатыр, Фучик - Дооронбек Садырбаев, Иса Ахунбаев көчөлөрү менен каттам ишке кирет. Санкт-Петербургдук институт сунуштаган. Бул идея алардагы ийгиликтүү трамвай системасына таянып даярдалган. Бирок Петербург менен Бишкекти салыштыруу реалдуу болобу? Ал шаарда инфраструктура, климат, жол маданияты жана тейлөө системасы башка деңгээлде.

Трамвай үчүн шаардагы жолдорду оюп, рельс төшөп, кайрадан асфальт жабуу керек болот. Бул – чоң чыгым, түмөн түйшүк. Кышында рельстерди кар жана муздан тазалоо иши да оңой эмес. Азыркы учурда жөнөкөй жолдорду тазалоонун өзү көйгөй болуп турса, рельстерди ким, кандайча, канчалык үзгүлтүксүз тазалайт?

Мэрия буга чейин троллейбус линияларын алып салып, аларды тейлөөнү керексиз деп тапкан эле. Эми болсо ошол эле жолдорго рельс төшөп, үстүнө кайра зым тартуу сунушу логикалык жактан Кемчонтойлук болуп көрүнөт. Жолдор тар, автоунаалар көп, тыгын маселеси оор. Трамвай жүрсө, бул көйгөй чечилбей, тескерисинче, жаңы тыгындар жаралышы мүмкүн.

Трамвай – XVIII-XIX кылымдын технологиясы. Ал убакта шаарлар чакан, жолдор бош болчу. XXI кылымдын Бишкеги болсо, тез өсүп, тыгыз, динамикалуу мегаполиске айланып баратат. Андай шартта жөө адамдарга, велосипедге жана тез жүрүүчү электр автобустарга артыкчылык берүү логикалуу кадам болмок.

Жаңы башкы план 2050-жылга чейинки өнүгүүнү болжолдосо, анда Бишкекти артка эмес, алдыга сүрөй турган чечимдер талап кылынат. Трамвайга кеткен каражатты жашыл транспортко, жол маданиятын өнүктүрүүгө жана коомдук транспорттун коопсуздугуна жумшоо бүгүнкү күндүн чыныгы муктаждыгы эмеспи?

Последние новости