www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Дональд Трамп экинчи мөөнөтүнө киришкенден кийин миграция маселесине катуу киришти. АКШдан жалпы жонунан эки миллиондон ашык мыйзамсыз мигрант өз өлкөлөрүнө кетти. Расмий маалыматтарга ылайык, 500 миңден ашуун мыйзамсыз мигрант депортацияланып, дагы 1,6 миллион адам өз ыктыяры менен өлкөдөн чыгып кеткен. Мындай темпте бара берсе, АКШ жакын арада тарыхый рекорд коёт.  

Трамп бул кадамды «АКШнын улуттук коопсуздугун сактоо жана мыйзам үстөмдүгүн орнотуу» катары мүнөздөп, түштүк чек арадагы абалды улуттук өзгөчө кырдаал деп атады. Ошол эле учурда өкмөт өлкөдөн өз каалоосу менен чыгып кетүүнү чечкен мигранттарга миң долларлык жөлөк пул жана авиабилет сунуштап жатат. Бул ыктыярдуу депортацияны стимулдаштыруу аракети катары бааланууда.

Арийне, АКШ сыяктуу дүйнөлүк экономикалык борбордо мындай саясаттын күчөшү башка мамлекеттерге да таасир этпей койбойт. Европанын айрым өлкөлөрү да миграцияны чектөөгө өтүп, чек ара режимдерин катуулатып жатышат. Бул жалпы дүйнөлүк тенденциянын натыйжасы, ар бир мамлекет өз жумушчу рыногун жана социалдык коопсуздугун сактоого аракетине өткөнүн билдирет. Кыргызстан үчүн бул окуялар, глобалдык миграция системасындагы өзгөрүүлөргө даяр болуунун зарылдыгын чагылдырат. 

Андыктан, миграциялык билимди жогорулатуу, чет жакта жүргөн жарандардын укуктарын коргоо механизмдерин күчөтүү, өлкө ичинде альтернативалуу жумуш мүмкүнчүлүктөрүн түзүү, учурдун негизи талабы болуп турат.

Дегенибиз, миграция маселеси XXI кылымдын геосаясий жана экономикалык күрөшүнүн бир бөлүгүнө айланды. Бул чакырыктан Кыргызстан четте калбайт.

Демек, ички-тышкы миграция көйгөйүн улттун кызыкчылыгына төп келгидей чечүүгө ыңгайлуу механизимдерди иштеп чыгуу зарыл. Баса, Трамп мигранттарга атайын түрмө салып, аллигаторлорго мүмкүнчүлүк жаратып бергени дүйнөнү дүрбөлөңгө салган.

Последние новости