www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
15-январда Министр М. Машиевдин жетекчилиги алдында абанын сапатын жакшыртуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны өткөрүлүп, талкуу транспорттун электромобилдерин жана алардын инфраструктурасын өнүктүрүү багытында болду.

Жыйындын максаты – Бишкек шаарындагы транспорттук булгоочу чыгындыларды азайтууга багытталган комплекстүү программаны иштеп чыгуу жана конкреттүү чараларды аныктоо болду. Жолугушууда иш-аракеттер үч негизги багыт боюнча бөлүндү: энергетика, транспорт жана катализаторлорду колдонуу. Ар бир багыт персоналдык негизде ишке ашырылмакчы.
Жыйынга Транспорт министрлиги, Бишкек мэриясы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор, Улуттук инвестициялык фонд, ЦКФ жана Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү катышты.
Жыйындын аягында катышуучулар Бишкек үчүн таза аба – бул бир тармактын эмес, жалпы мамлекеттик жоопкерчилик экенин баса белгилешти.


