www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таласта курулуш компанияга айып пул салынды

Курулуш ченемдерин сактабаган компанияга 200 000 сом айып пул салынды. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Аталган министрликтин Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Талас региондук башкармалыгы тарабынан аймактагы курулуш объектилери көзөмөлдөнүп келет.

Текшерүү иштеринин алкагында, Талас районуна караштуу Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн Чоң-Токой айылындагы таза суу системасынын курулушун долбоорлоодо, курууда техникалык регламенттердин, курулуш ченемдеринин, эрежелеринин жана курулуш стандарттарынын сакталбагандыгы аныкталды. Ошондой эле алар менен өз ара байланышкан башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузгандыгы маалым болду.

Натыйжада, текшерүү актысы түзүлүп, курулуш иштерин аткарып жаткан “НТ ГРУПП-СТРОЙ” ЖЧКсына карата эки жүз миң сом (200 000) эсебинде айып пул салынып, бузуулардын бирдиктүү реестрине киргизилди.

Министрлик курулуш тармагында иш алып барган бардык уюмдарды жана жеке жактарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык курулуш талаптарын, ченемдерин жана эрежелерин так сактоого чакырат. Ошондой эле жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында техникалык регламенттердин талаптарын так аткарууга, курулуш иштерин белгиленген стандарттарга ылайык жүргүзүүгө өзгөчө көңүл буруунун зарылдыгын эскертет.

Последние новости