www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 2-февралындагы №22 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппарат жетекчилеринин «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча ишин баалоо методикасын аткаруу максатында иштер башталды.
Жарлыктын талаптарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин борбордук аппараты тарабынан 2026-жылдын 14-январынан тартып аппарат жетекчилеринин 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнө баа берүү процесси жүргүзүлүүдө.

Баалоо иш-чаралары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппаратында, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинде жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын аппаратында башталды. Бул процесс мамлекеттик жана муниципалдык кызмат системасында жетекчилик кызматты ээлеген кызмат адамдарынын ишинин натыйжалуулугун, мыйзам талаптарынын аткарылышын жана башкаруу сапатын объективдүү аныктоого багытталган.
Жалпысынан аппарат жетекчилеринин саны 86 адамды түзөт. Алардын ичинен 2026-жылы 66 аппарат жетекчи баалоодон өтөт, ал эми калган аппарат жетекчилер кызмат ордун ээлегенине 6 айдан аз убакыт болгонуна байланыштуу баалоого тартылбайт.
Аппарат жетекчилеринин ишин баалоо 2026-жылдын 25-февралына чейин жүргүзүлөт. Баалоонун жыйынтыктары ачык-айкындуулук жана коомчулукту маалымдоо принциптерине ылайык жарыяланат.
Бул кадам мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын сапатын жогорулатууга, жетекчилик кадрлардын жоопкерчилигин арттырууга, ошондой эле натыйжалуу жана заманбап башкаруу маданиятын калыптандырууга багытталган.
