www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев эл аралык облигацияларды, акцияларды жана башка баалуу кагаздарды чыгарууда процесстерди координациялоо жана көмөктөшүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун экинчи отурумун өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Кеңешме Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 29-январындагы № 27 Инвестициялык климатты өнүктүрүү жана тышкы каржылоо булактарына жетүүнү кеңейтүү боюнча айрым чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өттү.
Отурумду ачып жатып Данияр Амангелдиев жумушчу топтун биринчи отурумундагы Кыргыз Республикасынын дебюттук еврооблигацияларын эл аралык капитал рыногунда жайгаштыруунун жыйынтыктары каралып, Улуттук инвестициялык фондду түзүү маселеси талкууланганын эске салды.
"Биринчи жолугушуудан бери олуттуу иштер аткарылды. Алдыңкы мамлекеттик компаниялардын каржылык ишмердүүлүгүнө кылдат талдоо жүргүзүлүп, алардын келечеги жана эл аралык рынокко чыгууга даярдыгы текшерилди. Бир катар компаниялар тарабынан далилдүү сунуштар жана презентациялар даярдалды. Бул өлкөнүн инвестициялык имиджин бекемдөө жана мамлекеттик активдерди башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча маанилүү кадам", - деп белгиледи МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары.
Катышуучулар алгач буга чейин берилген тапшырмаларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулоого жана мамлекеттик сектордун эл аралык капитал рынокторуна чыгууга даярдыгын талдоого басым жасашты. Ири компаниялардын жетекчилери өздөрүнүн учурдагы каржылык абалы тууралуу актуалдуу маалыматтарды берип, тышкы жана ички инвестицияларды тартуу боюнча стратегиялык көз караштары менен бөлүшүштү.
Отурумду жыйынтыктап жатып, Данияр Амангелдиев мамлекеттик ишканалардын жетекчилигинин алдында учурдагы башкаруунун алкагынан чыга турган чоң милдеттер турганын белгиледи. Ал Кыргызстанды дүйнөлүк каржы рынокторунда ачык-айкын жана келечектүү оюнчу катары көрсөтүүгө мүмкүндүк берүүчү масштабдуу имиджди түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи. Ал башкаруунун бул сапаттык жаңы деңгээлине өтүүдө дүйнөлүк инвестициялык коомчулукка күчтүү коңгуроо берет деп билдирди.
Талкуунун жыйынтыгында келип түшкөн сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен жыйындын күн тартибиндеги бардык маселелер кабыл алынды. Мындан тышкары, ата мекендик компанияларды эл аралык баалуу кагаздар рыногунун инструменттери менен иштөөгө даярдоо боюнча кийинки кадамдар белгиленди.