www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2-февралда, Бүткүл дүйнөлүк суулуу-саздак жерлер күнүнө карата ЖОЖдордун студенттери үчүн окуу семинары башталды. Иш-чара «Кыргызстандын суулуу-саздак жерлери: мааниси, сактоо жана туруктуу пайдалануу» деген темада өтүүдө.
Семинардын жүрүшүндө алгач NABU Кыргызстан уюмунун мүдүрү Толкунбек Асыкулов сөз сүйлөдү. Ал суулуу-саздак жерлерди сактоонун маанисине токтолуп, бул күнгө байланыштуу кеңири маалыматтады берди. Ошондой эле окуу семинарда «Мониторинг — суулуу-саздак жерлерди сактоонун маанилүү аспектиси» деген темада баяндама жасалып, анда экосистемаларды коргоодо үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүүнүн ролу белгиленди. Ал эми студенттер да өздөрүнүн маалыматтарын презентация кылышты.
Окутуу семинары NABU Кыргызстан уюму тарабынан уюштурулуп, практикалык бөлүгү талаа шартында өткөрүлөт. Катышуучулар Озёрное көлмөсүнө жана Ала-Арча суу сактагычына барышат.
Иш-чарага экология багытында билим алган К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети, К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университеттеринин студенттери катышууда.
Бул окутуу семинардын негизги максаты — студенттердин экологиялык сабаттуулугун жогорулатуу, суулуу-саздак жерлердин биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоодогу жана туруктуу өнүгүүдөгү ролу тууралуу түшүнүгүн тереңдетүү болуп саналат.