www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Лейлек РИИБдин Кулунду милициянын айылдык бөлүмчөсүнүн кызматкерлери, милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрү менен биргеликте Кулунду айыл аймагына караштуу Раззаков айылындагы орто мектепте ата-энелер үчүн түшүндүрүү жыйынын өткөрүштү. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө «Жашы жете элек өспүрүмдөрдүн жыныстык кол тийбестигин камсыз кылуу жана аларга карата ыплас аракеттерди болтурбоо», «Кибер кылмыштуулуктун алдын алуу», ошондой эле «Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу» темалары боюнча кеңири түшүндүрмөлөр берилди. Мындан тышкары, мыйзам чегинде каралган жоопкерчиликтер тууралуу маалымат айтылып, балдардын коопсуздугун камсыз кылууда ата-энелердин ролу баса белгиленди.
Иш-чара суроо-жооп форматында өтүп, жыйындын катышуучулары менен биргеликте укук бузуулардын алдын алуу жана болтурбоо боюнча талкуулар жүргүзүлдү.