www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР УКМК тарабынан көрүлгөн тиешелүү иш-чаралардын натыйжасында, Кыргыз Республикасынын аймагында КР уюлдук операторлорунун WhatsApp, Telegram жана Lalafo мобилдик мессенджерлериндеги аккаунттарды активдештирүү менен алектенген адамдардын тобунун мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө, ошондой эле кыргыз жарандарын банк карталарын сатууга көндүргөн «шылуундардын уюштуруучуларынын» аракеттерине бөгөт коюлду.

Белгилүү болгондой, аталган аккаунттар жана банк карталары Telegram мобилдик мессенджери аркылуу эл аралык алдамчыларга — «скамерлерге» сатылып, жарандардын акча каражаттарын мыйзамсыз ээлеп алуу максатында үн аркылуу фишинг манипуляциялары жүргүзүлгөн.

Тактап айтканда, өздөрүн КР УКМКнын жана КР Улуттук банкынын кызматкерлери катары тааныштырган «телефон алдамчылары», ошондой эле башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн атынан жарандарга телефон чалып, аларды террористтик уюмдарга катыштыгы бар деп айыптап, терроризмди каржылаганы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен коркутушкан.

Ошол эле учурда, кылмыштуу топ жасалма бланктарды жана кол тамгаларды колдонуу менен КР УКМКнын жетекчилигинин атынан террористтик уюмдарды каржылоого катыштыгы бар деген жалган айыптоолор менен жабырлануучуларга каттарды жөнөтүшкөн.

Кылмыш ишинин алкагында КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан төмөнкү жарандар кармалды:

  • А.Б.Н., 2008-жылдын 19-февралында туулган — Чүй облусунун Панфилов районундагы Вознесеновка айылындагы №14 түзөтүү колониясында 2 айга камалды;

  • А.Э.К., 2006-жылдын 9-июлунда туулган — Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына 2 айга камалды;

  • Р.Ш.К., 1999-жылдын 22-майында туулган (мурда КР Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси «алдамчылык» боюнча бир нече жолу соттолгон) — КР УКМКнын тергөө абагына 2 айга камалды;

  • Ж.К.Р., 2001-жылдын 12-ноябрында туулган (мурда бир нече жолу соттолгон, анын ичинде КР КЖКнын 201-беренеси «каракчылык», 209-беренеси «алдамчылык», 200-беренеси «уурулук» боюнча) — 2 айга камалды;

  • Т.Б.Ш., 2009-жылдын 12-февралында туулган — ата-энесинин милдеттенмесинин негизинде бошотулган;

  • А.У.С., 2004-жылдын 30-апрелинде туулган (мурда КР КЖКнын 130-беренеси «адам өлтүрүү» боюнча соттолгон, 204-беренеси «алдамчылык» боюнча айыпталган) — 2 айга камалды;

  • А.А.А., 2008-жылдын 24-сентябрында туулган — ата-энесинин милдеттенмесинин негизинде бошотулган;

  • К.И., 2009-жылдын 18-июлунда туулган — ата-энесинин милдеттенмесинин негизинде бошотулган;

  • Ж.С.А., 1996-жылдын 1-июнунда туулган — Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына 2 айга камалды.

Учурда КР УКМК телефон алдамчыларынын башка шериктерин аныктоо жана аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу максатында тиешелүү тергөө жана ыкчам иш-чараларды улантууда.

КР УКМК жарандарды мобилдик мессенджер аккаунттарын, банк карталарын жана тиркемелерди үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө же сатууга тыюу салынарын, мындай аракеттер айрым учурларда алдамчылыкка жана башка кылмыштарга кошумча катышуу катары квалификацияланышы мүмкүн экенин, ошондой эле бул үчүн мыйзамда жоопкерчилик каралганын эскертет.

Последние новости