www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети бүгүн, 2-февралдагы жыйында Кыргыз Республикасынын Анталия шаарындагы Башкы консулдугунун 2022-2025-жылдардагы ишмердүүлүгү тууралуу маалыматын укту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат менен Кыргыз Республикасынын Анталия шаарындагы Башкы консулу Рустам Кошонов тааныштырды.
Талкуу маалында депутаттар улуттук кызыкчылыктарды илгерилетүү, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, Түркия менен соода-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо сыяктуу маселелерге көңүл бурушту.
Алсак, депутат Улан Бакасов аталган шаардагы кыргыз жарандарына көрсөтүлүүчү консулдук кызматтардын негизги түрлөрүн тактады. Баяндамачы Рустам Кошонов Анталия шаарындагы Башкы консулдук 2022-жылдын май айынан бери иштеп жатканын айтып, дипломатиялык өкүлчүлүк жарандарды легалдаштыруу ишин көзөмөлдөө, жашоого уруксат алуунун мыйзамсыз схемаларынын алдын алуу, кылмыш жана башка укуктук иштер боюнча жардам көрсөтүү сыяктуу жумуштарды алып барарын билдирди. Ал ошондой эле учурда консулдук округдун түзөтүү мекемелеринде ар кандай беренелер менен соттолгон 5 кыргыз жараны кармалып турганын маалымдады.
Депутат Гуля Кожокулова туризм тармагын өнүктүрүү, бул тармакка ийгиликтүү тажрыйбаларды киргизүү боюнча жасалып жаткан иштерге кызыкты. Депутат Жылдыз Курманалиева Анталия шаарына медициналык жардам алуу үчүн барган кыргызстандыктар көп экенин белгилеп, буга байланыштуу жергиликтүү медициналык мекемелер менен кызматташтыкты камсыз кылууга чакырды. Депутат Ырысбек Атажанов кыргыз жарандарын акысыз дарылоо квотасын жылына 150дөн 500гө чейин көбөйтүү маселесин көтөрдү.