www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2025-жылдын 27-декабрында борбор калаада салттуу жаа атуу боюнча Бишкек шаарынын ачык чемпионаты өткөрүлдү.

Мелдешке 24 айым жана 15 мырза катышып, жалпы 39 спортчу болду. Катышуучулар эки аралык боюнча күч сынашты: «Кыргыз бута» – 50 метр аралыкка атуу жана «Кыргыз жамба» – 30 метр аралыкка атуу.

Мырзалар арасында «Кыргыз бута» (50 метр):
    •    I орун — Жунусов Алмаз;
    •    II орун — Мурадил уулу Ынтымак;
    •    III орун — Эмилбек уулу Нурсултан.

Айымдар арасында «Кыргыз бута» (50 метр):
    •    I орун — Умуркулова Чолпонай;
    •    II орун — Рахманалиева Миргүл;
    •    III орун — Шапиева Назгүл.

Мырзалар арасында «Кыргыз жамба» (30 метр):
    •    I орун — Эмилбек уулу Нурсултан;
    •    II орун — Мурадил уулу Ынтымак;
    •    III орун — Ногойбаев Рустам.

Айымдар арасында «Кыргыз жамба» (30 метр):
    •    I орун — Кулжабаева Эрика;
    •    II орун — Рахманалиева Эркайым;
    •    III орун — Бакбурканова Нурзат.

Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөр жана байге ээлери медалдар жана грамоталар менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, бул чемпионат 2021-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет, ал эми быйылкы мелдеш төртүнчү жолу уюштурулду.

Иш-чараны Салттуу жана ат үстүндө жаа атуу федерациясы Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти менен биргеликте уюштурду.

Последние новости