www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 29-декабрда Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Жылдыз Таалайбек кызы баштаган депутаттар өз тармактарында ийгилик жаратып, коомдук-саясий иштерге жигердүү аралашкан, илимде жана чыгармачылык чөйрөдө таанылган лидер айымдар менен жолугушту.

Баарлашууда Кыргызстандагы аялдардын укугун бекемдеп, коомдук-саясий иштердеги активдүүлүгүн арттыруу маселеси талкууланып, сунуш-пикирлер айтылды.
Төраганын орун басары Жылдыз Таалайбек Кыргыз мамлекетинин калыптанышында аялдардын ролу чоң болгонун белгилеп: “Айрыкча кыргыздын кыз-келиндери бир үй-бүлөнүн гана түйшүгүн көтөрбөй, эр-жигиттер менен эриш-аркак иш алып барып, калкыбызга тирек болгон учурлар тарыхыбызда арбын. Буга Курманжан, Уркуя, Зууракан, Керимбүбү, Күлүйпа сындуу энелерибизди мисал кылсак болот”, – деди.

Ошондой эле Совет доорунда жана андан кийинки эгемендүүлүк жылдарында да кыргыздын кыз-келиндери өлкөдөгү туруктуулукту камсыздоого жана экономикалык абалды жакшыртууга өзгөчө салым кошконун эске салган Жылдыз Таалайбек кызы жалпы улутка кызмат кылган айымдарыбыз менен ар дайым сыймыктанабыз деген пикирин билдирди.
Андан тышкары, жолугушууга келген лидер айымдардын жасаган эмгектери тууралуу да учкай кеп кылып, алардын иштерине ийгиликтерди каалады.
