www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарындагы ЖЭБде 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүүгө даярдык көрүү максатында оңдоо иштери улантылууда.
Бардык иштер бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүп, алдыдагы жылытуу мезгилинде негизги жана көмөкчү жабдуулардын ишенимдүү жана үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылууга багытталган.
Оңдоо иштеринин алкагында казан агрегаттарына, турбоагрегаттарга, ошондой эле көмөкчү жабдууларга капиталдык жана учурдагы оңдоолор жүргүзүлүүдө. Ошондой эле жабдуулардын техникалык абалын диагностикалоо, техникалык тейлөө жана эскирген түйүндөр менен тетиктерди алмаштыруу иштери аткарылып, бул жабдуулардын ишенимдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Оңдоо иштеринин комплексин ишке ашыруу жылуулук жана электр энергиясын туруктуу өндүрүүнү, ошондой эле максималдуу жүктөмдөр мезгилинде борбор калаанын тургундарын ишенимдүү жылуулук менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
---------