www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 7-июлда Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров Пакистандын Президенти Асиф Али Зардари менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Жолугушууда эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун негизги багыттары талкууланды.
Мамлекет башчысы өткөн жылы Исламабадга жасаган мамлекеттик сапары кыргыз-пакистан мамилелерин жаңы деңгээлге чыгарганын белгилеп, Пакистан Кыргызстан үчүн Түштүк Азиядагы ишенимдүү жана артыкчылыктуу өнөктөш экенин айтты.
Садыр Жапаров саясий диалогду бекемдөө, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, ошондой эле халал-индустрия, айыл чарбасын кайра иштетүү, логистика, туризм, энергетика жана өнөр жай тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.
Өз кезегинде Асиф Али Зардари эки өлкөнүн соода-экономикалык, инвестициялык жана гуманитардык кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи. Ошондой эле ал Кыргызстанды БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктады.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар үзгүлтүксүз саясий диалогду улантууга даяр экенин ырастап, стратегиялык өнөктөштүктүн негизин түзгөн Биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.
Документ соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну тереңдетүүнүн негизги багыттарын аныктайт.