www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын прокуратурасынын бөлүмүнүн прокурору Абдибайит уулу Борбор калаанын архитектуралык жана шаар курулуш жаатындагы мыйзамдуулуктун абалы тууралуу маалымат берди.

“Жер жана архитектуралык-шаар куруу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү прокуратура органдарынын бүгүнкү күндөгү артыкчылыктуу багыттарынын бири болгондуктан, Бишкек шаарынын прокуратура органдары тарабынан, берилген ыйгарым укуктардын чегинде, көп кабаттуу имарат жана турак үйлөрдүн мыйзамсыз курулушуна жол бербөө жана бөгөт коюу боюнча үзгүлтүксүз иш-чаралар уюштурулуп, шаардын аймагында орун алган курулуш объекттери боюнча мониторинг жүргүзүлүп келет.

Бул багытта 2023-жылдын 1-жарым жылдыгында Бишкек шаарынын прокуратура органдары тарабынан жалпысынан 79 текшерүү жүргүзүлүп, аныкталгын 174 мыйзам бузуучулуктар боюнча ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндө 19 сунуштама, 51 прокурордук талап, 4 эскертүү келтирилип, 1 укук бузуу боюнча өндүрүш иши жана 8 кылмыш иши козголгон.

Мындан сырткары, Бишкек шаарынын прокуратурасынын демилгеси менен Мамлекеттик архитектуралык курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан шаардын аймагындагы курулуп жаткан объектилеринин электрондук базасынын пилоттук долбоору даярдалып, бүгүнкү күндө базаны толуктоо жана ишке киргизүү боюнча тийиштүү иш-аракеттер жүргүзүлүүдө.

Бул жаңылык катары сунушталган бирдиктүү электрондук база, шаар-куруу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышына болгон прокурордук көзөмөлдүн, курулушка болгон мамлекеттик контролдун натыйжалуулугун жогорулатууга, өз учурунда мыйзам бузууларга ыкчам чараларды көрүүгө шарт түзөт.

Бишкек шаарынын прокуратура органдарына келип түшкөн жарандардын кайрылууларынын дээрлик басымдуу бөлүгү, башкача айтканда 40%ы жер жана шаар куруу мыйзамдарынын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө арыз-даттануулар түзгөндүктөн, шаардын аймагындагы курулуп жаткан объектилеринин электрондук базасы биринчи кезекте жарандардын жүргүзүлүп жаткан курулуштар боюнча маалыматка ээ болуусуна мүмкүнчүлүк берет.

Курулуш компаниялары тарабынан көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу үчүн негизинен үлүшчүлөрдүн каражаттары тартылаары жашыруун эмес.

Бирок, айрым учурларда үлүшчүлөр, курулуштун мыйзамдуулугу жөнүндө маалыматы жок туруп, өз ыктыяры менен аманаттарын кошуп, натыйжада же аманаты, же турак жайы жок калышып, өздөрү жөн гана жагымдуу жарнактын курмандыгы болуп калышкандыгын сезбей калышат.

Мындай курулуш объекттери Бишкек шаарынын аймагында да орун алгандыгын эске алып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер тилкелерине жана башка кыймылсыз мүлк объекттерине менчик, ижара, мөөнөттүү же мөөнөтсүз пайдалануу укугуна ээ болгон жеке жана юридикалык жактар гана курулуш курууга укуктуу экендигин түшүндүрүп кетүү зарыл.

Объектти курулуп жаткан объекттердин реестрине киргизүү жана курулушту баштоо үчүн негиз болуп - шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык органда макулдашылган долбоордук документтерге мамлекеттик экспертизанын оң корутундусу эсептелет.

Ушуга байланыштуу, Бишкек шаарынын прокуратурасы - жарандардан  көп кабаттуу турак үйлөрдү курууга уруксат берүүчү документтери бар экендигин текшергенден кийин гана турак жай сатып алууну өтүнөт”,-деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости