www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр орун алды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

2026-жылдын 20-январынан тартып «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын директору болуп Өмүркулов Эркинбек Кубанычбекович дайындалды. Өз кезегинде Токтогонов Элдияр Таштемирович ээлеген кызматынан бошотулду.
Ошондой эле «Бишкекмончо» муниципалдык ишканасынын директору болуп Адылхан уулу Самат дайындалды. Ал буга чейин аталган ишкананын директорунун орун басары кызматын аркалап келген.

Тиешелүү буйруктарга Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев кол койду.