www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Былтыр 2025-жылы дүйнөдө өлүм жазасынын саны кескин өсүп, көп өлкөлөрдө өлүм жазасы көбүрөөк колдонулган. Бул тууралуу БУУнун адам укуктары боюнча башкармалыгынын (OHCHR) маалыматы жарыяланды. Билдирүүгө караганда, өлүм жазасын сактап калган бир катар өлкөлөр өлүм жаза чарасын кеңири колдонушкан.
Алсак, 2025-жылы Иранда кеминде 1500 адам өлүм жазасына тартылып, атылганы маалымдалды. Алардын кеминде 47% баңгизатка байланыштуу кылмыштар үчүн өлүм жазасына тартылган.
Ал эми Сауд Аравиясында 2025-жылы кеминде 356 адам тартылган. Бул мурдагы рекордду (2024) да ашырган көрсөткүч. Алардын 78% баңгизатка байланыштуу кылмыштар үчүн өлүм жазасына тартылган.
Мындай катаал чараны демократиялык баалуулуктар, адам укугу боюнча акыл айткан АКШда колдонуп, 2025-жылы 47 өлүм жазасы ишке ашырган. Бул соңку 16 жылдагы эң көп көрсөткүч болуп эсептелет.
Башка өлкөлөр боюнча айта турган болсок, Афганистанда элди сестентүү үчүн коом алдында ачык жазалоо уланып жатат. Бул эл аралык адам укуктары нормаларына каршы келет.
Сомалиде кеминде 24 адам, Сингапурда 17 адам жазага тартылган. Кытай менен Түндүк Кореяда өлүм жазасы тууралуу так статистика жашыруун болгондуктан, так маалымат алуу кыйын.
БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Тюрк муну “эл аралык укукка дал келбейт” деп баалап, мындай чара кылмыштуулукту токтотууга натыйжа бербей турганын белгилеп, айрым учурда күнөөсүз адамдар жазага тартылып кетиши мүмкүндүгүнө токтолду. Мындан улам ал өлүм жазасын колдонуп келген өлкөлөрдү дароо мораторий киргизип, акырындап толук жоюуга чакырды.