www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 1-июлунан тартып Бишкек шаарында үч жашка чейинки балдарды тарбиялап жаткан үй-бүлөлөр үчүн ай сайын берилүүчү мамлекеттик «Бала ырысы» жөлөкпулун дайындоого арыздарды жана документтерди кабыл алуу башталат.
Социалдык колдоонун бул жаңы чарасы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 6-мартындагы №104 «Үч жашка чейинки балдарга ай сайын мамлекеттик жөлөкпул киргизүү жөнүндө» Жарлыгына ылайык ишке ашырылып, жаш үй-бүлөлөрдү колдоого, балдардын бакубаттуулугун жогорулатууга жана калкты социалдык жактан коргоону чыңдоого багытталган.
Жөлөкпулдун өлчөмү үч жашка чейинки ар бир балага ай сайын 1200 сомду түзөт жана аны алуу укугу үй-бүлөнүн кирешесине карабастан берилет.
Шаар тургундары жөлөкпул алуу үчүн төмөнкү жолдордун бири аркылуу кайрыла алышат:
* мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу;
* райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарга жеке кайрылуу аркылуу.
Жөлөкпулду тариздөө үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:
* ата-эненин (мыйзамдуу өкүлдүн) паспорту;
* баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
* мамлекеттик банкта ачылган банктык эсептин реквизиттери;
* арыз ээсинин жашаган жери тууралуу маалымат.
Бишкек шаарынын райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын байланыш маалыматтары:
* Биринчи Май району – Жибек-Жолу проспектиси, 495Б. Тел.: (0312) 67-03-64;
* Ленин району – Литвинов көчөсү, 2. Тел.: (0312) 65-37-21;
* Октябрь району – Байтик Баатыр көчөсү, 17. Тел.: (0312) 57-02-95;
* Свердлов району – Чүй проспектиси, 28. Тел.: (0312) 36-03-26.