www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 19–21-июнунда Алматы шаарында "Казак-кыргыз илимий кызматташтыгы: жалпылыктар жана өзгөчөлүктөр" аттуу илимий-интеграциялык форум болуп өттү.

Иш-чара Казакстан Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук илимдер академиясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы Башкы консулдугунун колдоосу менен уюштурулуп, ага эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жетекчилиги, ошондой эле Казакстан менен Кыргызстандын бир катар жогорку окуу жайларынын профессорлору жана илимий кызматкерлери катышты.

Форумдун алкагында Казакстан Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук илимдер академиясы менен Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын ортосунда "Талаа цивилизациясын изилдөө боюнча эл аралык консорциум түзүү жөнүндө" Макулдашууга кол коюлду.

Ошондой эле казакстандык изилдөөчү тарабынан "Геосаясий өзгөрүүлөрдүн шарттарындагы казак-кыргыз мамилелери: өнүгүүнүн маселелери жана келечеги" аттуу докторлук диссертация ийгиликтүү корголду.

Бул изилдөө кыргыз-казак илимий кызматташтыгынын тарыхындагы алгачкы докторлук диссертация болуп калды.

Башкы консул Жеңишбек Асанкулов куттуктоо сөзүндө кыргыз-казак илимий байланыштарынын тарыхына токтолуп, аларды мындан ары өнүктүрүүнүн, биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн, академиялык алмашууларды жана жаңы долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Форумдун маданий программасынын алкагында катышуучулар Алматы облусунда жайгашкан "Көлсай", "Чарын" жана "Карасаз" туристтик жайларына, ошондой эле белгилүү казак акыны Мукагали Макатаевдин адабий-мемориалдык музейине барышты. 

Последние новости