www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ким калпычы: Экс-төрагабы же учурдагы төрагабы?

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу “75чилердин каты” боюнча парламентте айтылган сөздөрдү “жалган маалымат” деп баалады. Бул тууралуу ал 22-июнда өткөн сот процессинен чыгып бара жатканда айтты.

Ал азыркы төрага Марлен Маматалиевдин айткандары туурасында: “Ал жалган. Эч кандай андай болгон эмес” деп жооп берди. Ал буга чейин “75чилердин” кайрылуусу парламентке келгенде өзү Түркияда иш сапарда жүргөнүн, андан кабары болбогонун билдирген.

Ал эми Жогорку Кеңештин 18-июндагы жыйынында спикер Марлен Маматалиев “75чилердин каты” парламентке кантип түшкөнү тууралуу маалымат берген. Ал бул окуя боюнча юристтердин жана депутаттардын катышуусунда жумушчу топ түзүп, териштирүү жүргөнүн, материалдар тергөөгө берилип, ал сотто каралып жатканын кошумчалаган. Андан тышкары “75чилердин каты” Жогорку Кеңешке түшкөнү боюнча ошол кездеги төрага Нурланбек Тургунбек уулунун кабары болгонун айткан.

Последние новости