www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров дипломаттарды сыйлады

 Садыр Жапаров бүгүн, 22-июнда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземине катышты.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын эл аралык аренадагы позициясын бекемдөөгө олуттуу салым кошкон дипломаттарды сыйлады.

Президент иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө Кыргыз Республикасы өзүнүн эгемендик тарыхындагы таасирдүү дипломатиялык жеңиштерди камсыздап, эл аралык коомчулуктун кызыгуусун арттырган тарыхый окуяны жаратканын белгиледи.

3-июнда Нью-Йоркто өткөн шайлоодо Кыргызстан биринчи жолу 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды. 

“Кыргызстандын шайланышы — дүйнөлүк коомчулуктун тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө жана БУУнун алдыңкы органына шайлоодо бардык өлкөлөрдүн тең укуктуулугун камсыз кылууга болгон саясий эркинин далили болду. Бул биздин Элчилерибиздин, Башкы консулдарыбыздын, Тышкы иштер министрлигинин жана чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин ар бир кызматкерлеринин күнү-түнү талыкпай иштеген түйшүктүү эмгегинин натыйжасы экенин баса белгилеп айта кетейин”, - деди мамлекет башчысы.

Мамлекет башчысынын жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын 2027–2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышына кошкон олуттуу салымы, эл аралык аренада улуттук кызыкчылыктарды илгерилетүү боюнча натыйжалуу иши үчүн сыйланат.

• III даражадагы «Манас» ордени менен

• Кулубаев Жээнбек Молдоканович – Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;

• «Даңк» ордени менен:

• Исаев Асеин Кусеинович – Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары;

• Касымалиева Аида Камчыбековна – Нью-Йорк шаарындагы Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы Туруктуу өкүлү;

• «Ардак» медалы менен:

• Лоу Мухамед Исырович – Кыргыз Республикасынын Эфиопия Федеративдик Демократиялык Республикасындагы Элчилигинин кеӊешчиси;

• Тультемиров Адылбек Жыргалбекович – Кыргыз Республикасынын Эфиопия Федеративдик Демократиялык Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси;

• Утебаев Медер Шамшибекович – Нью-Йорк шаарындагы Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн кеңешчиси.

Ю

Ошондой эле Садыр Жапаровдун тескемесине ылайык, президенттин атынан алкыш жарыяланат:

• Аданов Рахман Бектурсуновичке – Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчилигинин кеңешчиси;

• Азизова Айжан Жанышевнага – Нью-Йорк шаарындагы Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн биринчи катчысы;

• Анарбаев Анвар Арслановичке – Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси;

• Баетов Аяз Батыркуловичке – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары статусундагы Кыргыз Республикасынын юстиция министри;

• Байгазиев Данияр Талантбековичке – Нью-Йорк шаарындагы Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн үчүнчү катчысы;

• Дайирбеков Бейшен Усеновичке – Нью-Йорк шаарындагы Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн экинчи катчысы;

• Исаков Эрмек Болотовичке – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык уюмдар департаментинин директорунун орун басары – Бириккен Улуттар Уюмунун бөлүмүнүн башчысы;

• Казакбаев Руслан Айтбаевичке – Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси;

• Мүлкүбатов Календер Нурлановичке – Нью-Йорк шаарындагы Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн биринчи катчысы;

• Ниязалиев Нуран Садыровичке – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Үчүнчү саясий департаментинин директору;

• Рыскулов Асхат Токтобековичке – Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчилигинин кеңешчиси;

• Султанов Омар Абдыразаковичке – Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы жана Женева шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлү;

• Тилебалиев Айбек Алмасбековичке – Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн эксперти;

• Чотонова Турсунбүбү Дүйшөнкуловнага – Нью-Йорк шаарындагы Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн экинчи катчысы;

• Шамшидов Куштарбек Осмоналиевичке – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык уюмдар департаментинин эл аралык уюмдар бөлүмүнүн башчысы;

• Турсункулов Канат Асанкановичке – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин экинчи саясий департаментинин директору.

 

 

           Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн эксперти;

• Чотонова Турсунбүбү Дүйшөнкуловнага – Нью-Йорк шаарындагы Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн экинчи катчысы;

• Шамшидов Куштарбек Осмоналиевичке – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык уюмдар департаментинин эл аралык уюмдар бөлүмүнүн башчысы;

• Турсункулов Канат Асанкановичке – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин экинчи саясий департаментинин директору.

Последние новости