www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-июнда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде сүйлөп жатып, Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы жана Европа биримдигинин "кара тизмесинен" чыгарылышы өлкө үчүн тарыхый мааниге ээ экенин айтты.
Мамлекет башчысынын сөзү:
"Ардактуу замандаштар!
Кымбаттуу мекендештер!
Биз соңку беш жылда тынымсыз аракеттерибиз менен өлкө ичинде бир топ өзгөрүүлөрдү жасай алдык. Дал ошондой далалаттар сырткы саясатта да жигердүү жүрүп, жетишилген дипломатиялык ийгиликтерге жакында эле күбө болдуңуздар.
Кыргызстан өзүнүн эгемендик тарыхындагы таасирдүү дипломатиялык жеңиштерди камсыздап, эл аралык коомчулуктун кызыгуусун арттырган тарыхый окуяны жаратты. Өзүңүздөргө маалым болгондой, 2026-жылдын 3-июнунда Нью-Йорктогу БУУнун штаб-квартирасында өткөн шайлоодо Кыргызстан биринчи жолу 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды.
Ага удаа эле 20 жылдык чектөөдөн кийин мамлекетибиздин Европа биримдигинин авиациялык коопсуздук боюнча тизмесинен, башкача айтканда, Европа биримдигинин "кара тизмесинен" расмий түрдө чыгарылышы дагы тышкы саясатыбызда орчундуу окуялардын бири болуп калды. Булар – кыргыз мамлекетинин эл аралык майдандагы кадыр-баркын жаңы деңгээлге көтөргөн, өлкө келечегин өзгөртө турган бурулуштуу окуялар.
Дүйнөнүн 142 мамлекети Кыргызстандын талапкерлигин бир добуштан колдогону өлкөнүн тышкы саясатына жана туруктуулугуна берилген эң жогорку эл аралык баа деп кабылдайбыз.
Кыргызстандын шайланышы — дүйнөлүк коомчулуктун тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө жана БУУнун алдыңкы органына шайлоодо баардык өлкөлөрдүн тең укуктуулугун камсыз кылууга болгон саясий эркинин далили болду.
Бул биздин элчилерибиздин, башкы консулдарыбыздын, Тышкы иштер министрлигинин жана чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин ар бир кызматкерлеринин күнү-түнү талыкпай иштеген түйшүктүү эмгегинин натыйжасы экенин баса белгилеп айта кетейин.
Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен чын дилимден куттуктайм.
Ар бириңерге талыкпай иштеген ак кызматыңар үчүн терең ыраазычылык билдирем!
Сиздердин тажрыйбаңыздар жана кызматка жоопкерчиликтүү мамилеңиздер мындан ары да өлкөбүздүн эл аралык кадыр-баркын чыңдоого жана тышкы саясаттагы артыкчылыктуу багыттарды ийгиликтүү ишке ашырууга өбөлгө түзө берет деп толук ишенем.
Эми Европанын асманы Кыргызстанга дарбазасын ачкандыгына токтолоюн.
Маалым болгондой, белгилүү себептерден улам, жыйырма жылдан ашуун убакыт бою Европа биримдигинин авиациялык коопсуздук боюнча "кара тизмесинен" чыга албай келдик эле. Биздин саясий колдообуздун, мамлекеттик органдардын координацияланган ишинин жана жарандык авиация тармагында жүргүзүлгөн системалуу реформалардын натыйжасында бул стратегиялык максат акыры ийгиликтүү ишке ашырылды.
Бул жетишкендик Кыргызстандын эл аралык авиациялык коомчулуктагы аброюн жогорулатуу менен бирге, өлкөнүн транспорттук байланыштарын кеңейтүүгө, жаңы авиакомпанияларды жана эл аралык каттамдарды тартууга, туристтик жана инвестициялык жагымдуулугун арттырууга, ошондой эле авиация тармагынын мындан аркы туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.
Мындан тышкары, акыркы жылдары өлкөнүн авиация тармагын өнүктүрүү боюнча ири масштабдагы иштер аткарылды. Анын ичинде республиканын аэропорттук инфратүзүмүн жаңылоо жана модернизациялоо боюнча долбоорлор жүзөгө ашырылып, жаңы аэропорттор курулду, иштеп жаткан аэропорттор реконструкцияланды. "Асман Эйрлайнс" улуттук авиакомпаниясы түзүлүп, заманбап аба кемелерин сатып алуу боюнча иштер башталды. Ошондой эле эл аралык каттамдардын географиясын кеңейтүү жана өлкөнүн авиациялык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу максатында жаңы "Эйрбас" үлгүсүндөгү учактарды сатып алуу үчүн тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.
Кыргызстанды Европа биримдигинин авиациялык коопсуздук боюнча "кара тизмесинен" чыгарууга жетишүүдө министрлер кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостоновдун, "Манас" эл аралык аэропортунун директору Манас Самидиновдун жана авиация тармагынын жалпы командасынын кесипкөйлүгүнөн, заманбап көз караштарынан жана өзгөрүүлөргө ачык болгон мамилесинен, креативдүү ой жүгүртүүлөрүнөн улам ушундай ийгилик жаралды.
Урматтуу замандаштар!
Ошентип биз глобалдык саясаттын төрүнө жана Европанын асманына кадам таштадык. Бүгүн Кыргызстан дүйнөлүк коомчулукка коопсуз, убадасына бекем жана геосаясий аренада өз алдынча позициясы бар, ишенимдүү, жоопкерчиликтүү жана тең укуктуу өнөктөш катары таанылды.
Эгерде БУУдагы жеңиш өлкөбүздүн саясий жүзүн көрсөтсө, Европа биримдигинин авиациялык "кара тизмесинен" чыгуу экономиканын, туризмдин жана башка тармактардагы өнүгүүнүн жаңы баскычынын белгиси болуп калды.
Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешине кириши – биз үчүн жаңы сыноо. Биз БУУнун Коопсуздук Кеңешине туруктуу эмес мүчө болууну зор жоопкерчилик катары карайбыз, анын ишмердигинин натыйжалуулугун арттырууга, глобалдык чакырыктар менен коркунучтарды чечүү боюнча эл аралык коомчулуктун жамааттык аракеттерине татыктуу салым кошууга бардык аракетибизди жумшайбыз.
Бул эки тарыхый жетишкендик – кыргыз дипломатиясынын, мамлекеттик башкаруунун жана жалпы кыргыз элинин биргелешкен эмгегинин үзүрү. Бүгүн сөз кылып жаткан ийгиликтер Кыргызстандын ички турмушуна ишеним тартууласа, сырткы саясий жашоосуна бийик кадыр-барк алып келди.
Анда эмесе, кызыл байрагыбыздын эл аралык аренада бийик желбирешине жол ачкан бир катар кызматкерлерибизди мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого өтөлү".