www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насостук станцияларды реконструкциялоо жана куруу долбоору боюнча насыялык жана гранттык макулдашууларды ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.

Келишимге ылайык, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан кыргыз тарапка бериле турган жеӊилдетилген насыя каражатынын жалпы көлөмү – 21,2 млн доллар, анын ичинде 3 млн доллар гранттык каражат болуп саналат. Ал толугу менен «Бишкек жылуулук тармагынын» карамагындагы оӊдоо иштерине жумшалмакчы.

«Бишкек жылуулук тармагынын» карамагында жалпы узундугу 430 чакырым жылуулук түтүктөрү бар, азыр анын 328 чакырымы же 70 пайызы алмаштырылууга муктаж. «Аларды толук алмаштыруу үчүн 200 млн доллар көлөмүндө каражат табуу кажет. Ошондон улам, Дүйнөлүк банктык каражаты тартылууда», - дейт баяндамачы.

Ал эми «Бишкек жылуулук тармагы» ишканасынын жетекчиси Эркин Абдыкалыковдун айтымында, ордо калаадагы батирлер +18 градустан кем эмес жылуулук менен камсыз кылынууга тийиш. «Азыр алына турган каражат жалпы чыгымдын 3 пайызын гана түзөт, демек, дагы кошумча каражат талап кылынат. Бул багытта дагы инвестиция тартуу аракеттерин көрүп жатабыз. Алынган каражаттар толугу менен биздин тармак тарабынан төлөнүп берилет», - дейт ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости