www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында өзгөчө абал режими алынды

Маалым болгондой, бүгүн, 16-октябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында парламенттин кезексиз сессиясы өтүп жатат.

Эл өкүлдөрү Бишкек шаарындагы өзгөчө кырдаалды алып салуу маселесин карашты. Кабыл алынган чечимге жараша  өзгөчө кырдаал режими алынды.

Белгилей кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков 5- жана 6-октябрда Бишкекте болгон тополоңдон кийин 10-октябрда Бишкек шаарынын аймагына өзгөчө абал режимин киргизүү боюнча жарлыкка кол койгон. Жогорку Кеңеш бул маселени үч күндүн ичинде карашы керек болчу. Бирок ЖК бул маселени карабагандыгына байланыштуу, президент  борбор калаага 12-октябрь саат 20:00дөн 2020-жылдын 19-октябры саат 07:00гө чейин өзгөчө абалды кайрадан киргизилген. Борбордо саат 22:00дөн 05:00гө чейин коменданттык саат киргизилген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости