www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Референдумду жана жергиликтүү кеңештерге шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Бишкек шаарынын ички иштер органдары тарабынан шайлоо мыйзамдарынын 42 бузулушу катталды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 42 мыйзам бузуунун экөө добуш сатып алуу, бирөө административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу, бешөө шайлоо жараянына катышуучунун укуктарын бузуу, бирөө баңгизаттарды же психотроптук заттарды колдонуу, коомдук жайларда спирт ичимдиктерин ичүү кылмышы болгон.
Ал эми 34 факт Бишкек шаардык ички иштер органдарынын маалымат реестрине жазылды. Алар боюнча иш жүргүзүлүп, мыйзам бузуу аныкталган жок.
Булак: NazarNews.kg