www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун Панфилов районунда 15 жаштагы Адилет Данияров атту өспүрүм дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Коомдук коопсуздук кеңешинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ал 20-февраль күнү аталган аймактын Кум-Арык айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон бүгүнкү күнгө чейин кайтып келе элек.

Кийген кийими: үстүндө кара түстөгү шым жана куртка, кара түстөгу бут кийим.

Белгилери: бою 165 сантиметр, арык чырай, көздөрү күрөң. Башынын оң жагында чоң эмес тырык бар.

Эгерде ким сүрөттөгү баланы көргөн билген болсо, төмөнкү номерлерге кайрылса болот: +996 755 074 720, +996 555 230 490.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости