www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 11-апрелде айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков Чүй облусундагы бир нече сүт фермалардын кызматташуу механизмдерин иштеп чыгуу үчүн, алардын ишмердүүлүгү жана көйгөйлөрү менен таанышып чыкты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министр алгач "Кант-Сүт" ЖЧКсында болуп, анда сүттү кабыл алуу жана кайра иштетүү боюнча өндүрүштүк ишмердүүлүгү менен таанышып, андан соң Сокулук айылындагы ишкананын сүт кабыл алуу пунктунда болду.

Андан соң, Чүй облусунун Сокулук жана Москва райондорундагы "ИП" Дан чарбасынын жана "Тилек" сүт-товар фермасынын иши менен таанышты. Мындан тышкары, Кара-Балта шаарындагы ЖЧК "Жайыл-Сүт" сүттү кайра иштетүүчү заводунда болду.

Анда сүт өндүрүүчүлөр жана кайра иштетүүчүлөр менен ветеринардык дары-дармектерди колдонуу, алардын продуктуларын физикалык жана химиялык анализдөө, сүт азыктарын өндүрүүдө антибиотиктерди колдонуу, бааларды түзүү, ошондой эле сүт өндүрүүчүлөргө жана кайра иштетүүчүлөргө салык салуу маселелери талкууланды. Мындан тышкары, ишканалардагы жана дыйкан чарбаларындагы электр энергиясынын тарифтештирилиши, иштин түрүн лицензиялоо жана даяр сүт азыктарын сатуу маселелери көтөрүлдү.

Жакынкы күндөрү сүт өндүрүүчүлөр жана кайра иштетүүчүлөр, фермерлер жана ветеринарлар чакырылып, алар менен бирге жолугушуу өткөрүү чечими кабыл алынды. Ошондой эле сүт өндүрүүчүлөр менен кайра иштетүүчүлөрдүн бири-бири менен ийгиликтүү кызматташуусунун ачык-айкын механизмдерин иштеп чыгуу пландаштырылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости