www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шейшеби күнү, 24-апрелде, катуу шамал жана жаан-чачын Бишкек шаарындагы жана Чүй, Талас облустарындагы керектөөчүлөрдүн электр энергиясын үзгүлтүкө учуратты.

Борбор калаада Аламүдүн-1 кичирайону; Дордой, Бакай-Ата, Арча-Бешик,  Ак-Ордо, Киргизия-1 конуштарынын бир бөлүктөрү; Газгородок, Рабочий городок жана Кудайберген базары тараптар кыска мөөнөттөгү өчүрүүлөргө  учурашты.

Чүй облусунда шамалдын кесепетинен Москва районуна караштуу Александровка, Беш-Терек айылдарында; Сокулук районуна караштуу Сокулук, Гавриловка айылдарында жана Шопоков шаарында; Аламудун районундагы Ленинское, Маевка айылдарында, Тунгуч жана  Кок-Жар конуштарында; Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка, Ивановка айылдарында; Кемин районундагы Орловка шаарында, Тегирменти айылында; Токмок шаарында электр энергия үзгүлтүккө учураган.

Шамалдын кесепетинен аба электр чубалгыларынын кээ бир участокторунда 0,4 кВ аба зымдар чачышып, үзүлүп кеткен, изоляторлор, чубалгы ажыраткычтар жана башка жабдуулар да жабыркаланган. Ысык-Ата районундагы Ивановка жана Чүй районундагы Чапаево айылдарында шамалдан кулаган дарактар зымдарды үзүп, андан сырткары, аба чубалгынын тирөөчтөрүнө да зыян келтирген.

Талас облусунда табигый кубулуш Кара-Буура районуна караштуу  Ак-Жар, Будённый, Чолпонбай, Кызыл-Адыр айылдарында, Талас шаарында жана Талас районуна караштуу Кок-Ой айылындагы керектөөчүлөрдүн электр жарыгын өчүрүлүшүнө алып келген.

25-апрелдин саат 10:00 болгон абал боюнча Аламудун районуна караштуу Маевка, Кара-Жыгач, Таш-Дөбө айылдары, Достук дачалары, Кант шаарынын бир бөлүгү электр жарыксыз калууда. Эртең менентен баштап «Северэлектро» ААКнын оперативдүү-чыгуу бригадалары «Тепличная», «МИС», «Кара-Жигач», «Кашка-Суу» көмөкчордондорунан тараган 10 кВ аба чубалгыларын карап чыгуу менен алек. Борбор калаада 0,4 кВ тармактары боюнча  саат 10:00 го 47 табыштама түшкөн, «Северэлектро» ААКнын Чыгыш жана Батыш райондук электр тармактарынын 23 бригадалары катуу шамалдын кеспетин жоюда.

Терең урматтоо менен, 

"Түндүк электр" ААК басма сөз кызматы

Булак: NazarNews.kg

Последние новости