www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биз бул митингди көчөлөрдү тосуу менен милицияга кол салган, Ак Үйдү басып алуу аракети менен ишкерлердин мүлкүн талкалаган, шаардын мүлкүнө зыян келтирген   массалык баламандык катары баалайбыз. Чыгымдын жалпы суммасы такталууда. 

Митингдин уюштуруучуларына өлкөдөгү абалды туруксуздукка алып келүү үчүн башаламандык керек экени айкын болуп калды. Мунун баары шаардыктарды, ишкерлерди, туристерди кабатырлантат.   

Шантаж, башаламандык, өзүм билемдик, анархия реалдуу көйгөйлөрдү күчөтүп, аягы  жаман болушу мүмкүн. Мындай мисалдар биздин мамлекеттин тарыхында бар. Муну бишкектиктер жакшы түшүнөт. Бул иш-аракеттер жарандардын жакшылыгы үчүн эмес, кимдир бирөөнүн саясий кызыкчылыктары үчүн жасалууда.   

Митингдин уюштуруучулары менен сүйлөшкөндө алар митинг өткөрүп, тынчтык жолу менен таркап кетебиз деп убадалашкан. Бирок, алар өз иш-аракеттери менен милиция кызматкерлерин күч колдонууга аргасыз кылышты.

Биз, борбор калаабызда тынчтыкты сактап калууга бүт аракетин жумшап, өз милдетин так аткарган милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдиребиз. Шаардын баардык кызматттары штаттык режимде иш алып барып, шаардын жашоосуна азыр да кам көрүүдө.   

Ала-Тоо аянтында өткөн окуядан кийин жана коронавирус эпидемиясын  алдын алуу үчүн  Бишкек шаарынын мэриясы, борбор калаада митинг өткөрүүгө тыюу салууга сотко кайрылат.  

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары дагы башаламандыкка өз баасын берет деп ишенебиз. 

Бишкектиктер бизди колдойт деген ойдобуз.

Булак: "NazarNews.kg"

 

                                                            

Последние новости