www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин буйругу менен Русланбек Акылбеков башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу транспорт боюнча вице-мэр кызматынан бошотулду. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Борбор калаанын мэринин башка буйругу менен Талайбек Орозов санариптештирүү жана транспорт боюнча вице-мэр болуп дайындалды.

Белгилүү болгондой, Орозов бир кезде "Кыргызтелеком" ААКтын директорлор кеңешин, "Инфоком" мамлекеттик ишканасын жетектеген. 2021-жылы ал эки ай бою өкмөттүн алдындагы Санариптик өнүктүрүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы болгон.

Орозов 1974-жылы туулган. Кесиби боюнча - инженер-механик, ал ошондой эле жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуучу унааларды тейлөөнү тастыктоо боюнча эксперт. Кыргыз техникалык университетин бүтүргөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости